Москвада таксист болуп иштеген Анарбек уулу Чыңгыз жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткени үчүн соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.  Анын адвокаты Павел Березин Анарбек уулун үй камагына чыгарууну сурап, арыз жазды. Адвокаттын айтымында, шектүү Москвадагы Ордынка көчөсүндө жайгашкан Кыргызстандын конок үйүндө жашап турса болот. 

 

Эске салсак, Анарбек уулу Чыңгыз сегиз адамды сүзүп кетип, алардын алтоосу  жеңил жаракат алса, бирөөсү орточо оор акыбалга кептелген. Жабырлануучулардын арасында Мексиканын эки жараны да болгон. 

 

Сурак учурунда кыргызстандык таксист кырсыкка чейин 20 саат уктабай рулда болгондуктан, газ менен тормозду алмаштырып алганын билдирген.