Бишкек шаарында 10 - июнда көчөдөн эле жаш кыз уурдалган. Кыз ала качкан жигит менен ага дейре тааныш болбогон. Окуя тууралуу укук коргоо кызматтарына кабар жетээри менен алар кызды издөөгө алышып, таап барышканда кеч болуп калган болчу. Кызга ала качуу менен күйөө болом деген жигит аны зордуктап койгон...
"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, кыз бир нече күн ооруканада жатып дарыланды. Учурда Жумгал райондук ооруканасынан үйүнө чыгарылды.
Аталган борбор кызга жардам көрсөтүү максатында, адвокат жана психолог менен келишим түзүшкөн. Азыр психолог кыз менен иштешүүдө. Ал эми адвокат кылмыш иши менен алектенет.