Ош шаарындагы бала бакчалардын биринин бала багуучусу өзүнүн бир жашка толгон кызын жаздык менен тумчуктуруп өлтүргүсү келген. Бул тууралуу аймактык ИИБден билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, кызын өлтүрүүгө аракет жасаган аял бала бакчалардын биринде бала багуучу болуп иштеген. Анын бир жаштагы кызы да өзү иштеген бала бакчага барчу. Жашоосунун кыйындыгынан, жокчулуктан аял кызын жок кылгысы келип, жаздык менен тумчуктура баштаган. Так ошол убакта бөлмөгө аялдын чогуу иштешкендери кирип келишип, кызды сактап калышкан. 

 

Белгилүү болгондой, аял күйөөсү менен ажырашып, кызын жалгыз багып жүргөн. Жашай турган жери да болгон эмес. Туугандары жардам көрсөтүшпөгөн. 

 

Учурда кыз балдар үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Ал эми эне убактылуу кармоочу жайга эки айга камакка алынды.