Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралды. Сот шектүүнү тергөө амалдары соңуна чыкканга чейин УКМКнын абагында калтыруу боюнча чечим кабыл алды.
Эске салсак, Сатыбалдиев КР Кылмыш жаза кодексинин 30 -беренеси (кылмышка катышуу) жана 303-беренеси (коррупция) менен шектелип кармалган. Ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга катыштыгы бар деп айыпталууда.