"Азыркы учурда кимдер IT-гиганттардын кирешеси үчүн күрөшүүдө?", - деген суроо узатты депутат Руслан Казакбаев парламент жыйынында.
"Көптөгөн ири компаниялар Facebook, Instagram, Twitter сындуу IT-гиганттарда өз товарларын жарнамалаганы үчүн чоӊ өлчөмдө акы төлөйт. Мисалы, ар университет Facebook.ка ай сайын 500 доллар өлчөмүндө акы төлөп турат. Биз дагы Кыргызстанда «Google-салык» киргизишибиз керек, ошондо чоӊ киреше алабыз. Мындай салык Россияда да киргизилди", - деди ал.
Айтымында, окуу жайлары эле ушунча акы төлөсө, демек, ири компаниялардын төлөмү мындан да көп болот.
«Айрым эксперттердин айтымында, андай мыйзам кабыл алынбагандыктан, биз 500 млн сомдон 1 млрд сомго чейин кирешеден куржалак калат экенбиз. Ошондуктан, биз Россиянын тажрыйбасын колдонушубуз керек. Мындай салыкты киргизүү тейлөө кызматынын наркынын өсүшүнө алып келбейт», - деди депутат.