Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов Москва шаарында такси айдап иштеп жүрүп, кырсыкка учурап, учурда тергөө абагында жаткан кыргызстандык Анарбек уулу Чыңгыздын маселесине токтолду. 

 

"Бул жигит эки кызын ата-энесине калтырып коюп, каражат керек болгондуктан Москвада иштеп жүрүптүр. Минтип кырсыкка учурады. Ага баарыбыз жардам беришибиз керек. Өкмөт башчыга рахмат, дароо реакция кылып, жол кырсыгынан жабыркагандарды ооруканага барып көрүп келди. Эми биз, депутаттар да кандайдыр бир жол менен жардам беришибиз керек", - деди ал. 

 

Ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандык мигранттардын жүгүн жеңилдетүү зарылдыгын белгиледи. 

 

"Казакстан, Россия, дагы башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктарды бир системага салып, кандай жардам кылаарыбызды так аныкташыбыз керек. Союз учурунда ар кандай кесиптерге үйрөткөн техникалык окуу жайлары боло турган. Ошолорду кайра жандантып, чет өлкөгө кете тургандарды алгач окутуп, документтерин даярдап анан жөнөтөлү. Кыргызстанда жумуш оруну жок, баарын жумуш орду менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, кайсы өлкөлөргө кыргызстандык мигранттар керек болсо, ошол өлкөлөр муктаж болгон кесиптерге кетчүлөрдү окуталы", - деди депутат.