Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаардык сотунда    “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы башчысы  Айбек Калиевдин баш коргоо чарасы  каралат.

 

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда,буга дейре  Калиевдин абактагы мөөнөтү 13-августка чейин узартылган. Мындан улам анын адвокаттары баш коргоо чарасын  үй камагына өзгөртүү өтүнүчү менен  сотко кайрылышкан.

 

Эске салсак, Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу кетирген кемчиликтер  боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде  "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы башчысы  Айбек Калиев коррупцияга шектелген. Ал  18-апрелде камакка алынган. Учурда УКМКнын абагында.