Мындан эки сан мурда: “Жээнбеков Кудайдан жөө качкан кадрларды каяктан эле таап алат? Же дагы бир жолу президенттин маалыматтык жана кадр саясаты жөнүндө..”,- деген макала жазсам, ызы-чуу түшүп эле жатып калышты. Анда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиеванын ишмердүүлүгүнө сын пикир айтылган.
“Жаңы Ордо” гезитине берген маегимде: “Айрым гезиттерде ушу тапта Бекен Назаралиевди трайбалист, Бакиевдин куйругу катары сыпаттаган, бири-бирине куюп койгондой окшош маалыматтар чыгып жатат... Бекен мырзага, ошол эле учурда мага да багытталган маалыматтык чабуулдун артында ким тургандыгын эң жакшы билем. Бирок, ошол 7-кабаттагы катчы кызды колдоп жазгандар жооп берсинчи: Толгонай Стамалиева кантип Сооронбай Жээнбековдун колуна кол, бутуна бут болуп чуркап жүрөт? Бекен Сапарбаевич да, мен дагы макалада Т.Стамалиеванын жумушуна карата сын-пикир жазганбыз. Буга албетте акыбыз бар! Чектен чыккан жерибиз жок. Бирок, жетинчи кабаттан бизди таптакыр чектен чыккан сөздөр менен ашатып, жеке адамдык беделибизди кемсинткен тексттер түшүрүлүп жатканы жалганбы? Бүгүн Бекен Назаралиевди бакиевчи, трайбалист атоо менен алар өздөрү өтө коркунучтуу бөлүнүүнү баштап, эл ичине жик ташташууда. От менен ойнобош керек!”- деп айткам.
Бүгүн мына ошол сөздөрдү кайталоого туура келип жатат. Анткени, биздин объективдүү сын-пикирибизге чычалаган “толгонайчылар” коркунучтуу тиреш жаратышып, элди бөлүп жарган “трайбалист”, “баланчачы”- деген кептерди чыгарып, бул бөлүнүүгө алып келген идеясын улам жаңы жарык көргөн “трафареттеринде” колдонуп жатышат. Акыр-аягы Толгонай айым, кеп сиздин ээлеп олтурган креслоңузда эмес, ага эч ким көз артып жаткан жок. Сөз маалыматтык согуштагы сиздин чабалдыгыңыз тууралуу козголгонун жакшы түшүнүп турсаңыз деле билмексен байкуштун образына кирип, “эркек болуп туруп бир кыздан кызмат талашып жатат”- деген таризде маалымат таркатып жатканыңызга жол болсун! Бекен Назаралиевде кезинде президенттин пресс-катчысы боло турган канча мүмкүнчүлүгү болгон, кызматка кызыкса андан чоңуна да бармак. Кечээки Толгонай Стамалиеванын шефи Атамбаев да кызмат сунуштап, “жамандабасаң эле болду”- деп чуркаганын унутуп калдыбы? Жеке мага да бул кызматтын эч кандай кереги жок. Болгону, президентибиз Сооронбай Шариповичке бүгүн, башка эч убакта керек болбогондой күчтүү колдоо керек. Дос, таанышына карабабай коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш баштады. Демек, душмандары өтө көп. Алардын баарынын тилеги – Сокени алып түшүү. Азыртан буга кам көрүп, каралоо кампаниясын баштап ийишти. Мына ушундай шартта Толгонай Стамалиеванын дарамети чектелүү болуп жатканын айтсак эле биз мамлекеттин душманы болуп калабызбы?
Баары Сооронбай Жээнбековдун колунда. Кимге ишенет, таянат өз иши. Бирок, ажону колдогон адам катары өз оюбузду ачык айттык. Кандай чечим кабыл алат, ошого жараша президент да өз тагдырын тандайт.
Стамалиевага айтар кеп – элди бөлүп-жарып, трайбалист, акаевчи-бакиевчи деген сезимдер менен ойногонду токтотуп, буга энергия кетирбей, өз жумушуңузду тыңдап алсаңыз жакшы болот эле. Президенттин пресс-катчысы сынды туура кабыл алганды үйрөнүшү керек, болбосо, жүргөн жерине чөп чыкпай, куурайт.
Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан. Kg гезити”