Кайсы өлкөдө болбосун, бир президент кетип, экинчиси тактыга отурганда буга чейин акыйкаттык таба албай жүргөндөрдө үмүт пайда болот. Алар кайрадан өздөрүнүн чындыгын сот аркылуу далилдеп, адилеттүүлүккө жетишүүгө жан үрөшөт. Мисалы, коңшу мамлекет Өзбекстанда Мирзиеев тактыга келээри менен Каримовдун убагында абакка ар кандай себептер менен камалган жүздөгөн укук коргоочулар, оппозициялык маанайдагы саясатчылар эркиндикке чыгышты. Өз убагында чет мамлекетке качып кетүүгө үлгүргөндөрдүн айрымдары да туулуп-өскөн мекенине кайтышты.

 

Кыргызстанда да президент алмашкандан кийин Атамбаевдин убагында саясий куугунтуктун негизинде темир тор артында калгандардын кээ бири эски президент кетсе эле сот тармагында акыйкаттуулук орноп калчудай, жогорку инстанцияларга кайрылышты. Алгач “бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен соттолгон Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана коомдук ишмер Дастан Сарыгулов Жогорку сотко кайрылып, бирок, тилекке каршы бул аракеттен майнап чыккан жок. Жогорку сот аталган саясатчыларга карата буга чейинки соттун чыгарган чечимин бир аз гана камактагы мөөнөттөрүн азайткан менен, жалпы-жонунун күчүндө калтырды. Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга ылайык кайра кароо өтүнүчү Башкы прокуратурага кайрылуу келтирилип, бирок, бул да канааттандырылган жок. 2017-жылдын август айында 11,5 жылга эркинен ажыратылган Садыр Жапаровдун адвокаттары да саясий куугунтукка кабылгандарга күн дагы деле тийбей элегин көрүп турушса да, экс-депутаттын күнөөсүздүгүн тастыктаган далилдерине ишенимдери күчтүү болгондуктан Жогорку сотко кайрылышкан. Ал боюнча өткөн жумада сот процесси болду.  

 

Процесске Жапаровдун жакындары жана тарапташтары катышты. Анын акталып чыгаарына тарапташтарынын үмүтү чоң болчу. Соцтармактарда Жапаровдун күнөөсүз экенин айгинелеген далилдер жетиштүү экени айтылып, ал турмак ага каршы көрсөтмө берип, соттолушуна себепкер болгондор да эч кандай доосу жоктугун билдиришкени белгиленген. Тилекке каршы, үмүттөр акталган жок, тарапташтардын ындыны сууп, элдин бийликке болгон ишенбөөчүлүгү жаралды. Жогорку сот Садыр Жапаровго карата чыгарган райсот чечимин күчүндө калтырды...

 

Сот өкүмү менен процесстин катышуучуларын тааныштыргандан кийин залда кымгууттук башталды. Экс-депутаттын жакындары адилеттүүлүккө басым жасай албаган, көлөкөсүнөн корккон сотторго нааразычылыгын билдиришти. Ал турмак тарапташтар арасында: “Биз бир президент кетти, экинчиси келди, бийлик алмашты, акыйкаттуулук орнойт десек, көрсө “Асан” кетиптир да, “Үсөн” келиптир. Эч кандай өзгөрүү жок, мурдагы эски жол менен эле баратабыз”, “Кыргызстанда сот акыйкаттыгы жоктугу дагы бир ирет далилденди. Жаңы президент келди, баары жакшы болот деп калп эле сүйүнбөгүлө: мурунку менен азыркы - бир жүз”, “Балдарыбыздын келечеги коркунучта, бийликтегилер Кыргызстанды ойлошпойт, аларга бирин бири “чукуган” маанилүү”, - деген сыяктуу пикирлер айтылды.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровго КР Кылмыш жаза кодексинин “адамды барымтага алуу”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” ж.б. бир катар беренелердин негизинде кылмыш иши козголгон. 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингде каршылык акциясынын катышуучулары Ысык-Көл облусунун ал кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди күч менен автоунаага отургузушуп, барымтага алышкан. Ал эми УКМК аталган митингдин уюштуруучусу Садыр Жапаров экенин, ал уюлдук телефон аркылуу митингдин катышуучуларына Каптагаевди барымтада кармай турууну тапшырганын күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө таянып жарыялаган. Каптагаев болсо сотто С.Жапаровдун күнөөсү жок экенин расмий айткан.

 

Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Дөөлөт Жапаров соттун жыйынтыгы боюнча абдан эмоционалдуу билдирүү жасады. Төмөндө ага орун бердик:

 

Уу ичкен эл

 

- Чындыгында менде президент алмашты, эми өлкөгө мыйзам орноп, коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүрөт деп ойлогом. Тилекке каршы, андай эмес экен. 2012-жылы Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке “Кумтөр” маселесин алып чыгып, андан биз эмнени коротуп, кандай чыгымдарга учурап, кандай зыян тартып жатканыбызды сүрөттөрүн тиркеп, далилдеп көрсөтүп берген. Ал алтын кенин толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүүнү сунуштаган. Бирок, парламент депутаттары колдобой коюшкан. Чырдын баары Барскоонго 2 тонна цианиддин төгүлгөнүнөн башталган. Цианид - абдан уулуу зат. Аны адамга жакындатканга болбойт, бир тамчысы эле нечендеген кесепеттерге алып келет. Ошондой уу затты бүгүнкү күнү Ысык-Көл, Нарын эли ичип отурушат. Анткени, “Кумтөрдө” ал зат колдонулат, бууланганда буу менен асманга чыгып, булутка айланат да, жаан жааганда буудайга, жер-жемиштерге, баарына түшөт. Бир гана Ысык-Көл, Нарын эмес, терс таасири бүтүндөй Кыргызстанга таркап жатат. Шамал булутту кайда айдаса ошол жакка жылат да, курамында уу бар жамгыр канча деген эгин талаага, бак-даракка жаап жатат. Алар менен биз, биздин балдарыбыз азыктанышууда. Ден соолуктун кадырын билген адам катары балдарыбыз ден соолугунан кыйналышын каалабайм. Бир убактарда “Кумтөр” боюнча демилгесинен баш тартыруу үчүн байкеме акча сунуштагандар да болгон. 100 миллион доллар сунушташканын угуп: “Бул өтө көп акча го”, - дегем. Анда байкем: “Иним, Кумтөрдө бир жарым миң тонна алтын турат. А бизге  айткан сумма эки тонна алтындын гана акчасы. 2 тонна алтын үчүн балдарымдын, элимдин келечегин сатпайм”,- дегени эсимде. 

 

Балдар доосунан баш тартышты, дагы эмне керек?

 

- Эмилбек Каптагаев сот процессине келип, эч кандай доосу жок экенин айтты. Төрт баланын көрсөтмөсү менен байкемди эркинен ажыратышкан. Ошол балдар өздөрү кайрадан көрсөтмө берип жатышат: аларды УКМКнын кызматкерлери жалган жалаа менен камакка алышып, “Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берсеңер силерди чыгарабыз”,- деп кысмакка алышкан. Алар көрсөтмө беришкен, Жапаровду камашып, балдарды эркиндикке чыгарышкан. Алар абактан чыгышкандан кийин бизге өздөрү келишип: “Бетибизге чиркөө болбосун, Кудай алдында жооп беребиз”,- дешип, баарын ачык айтып беришти. Алардын жазуу жана видео түрүндөгү көрсөтмөлөрү бар. Анын баарын сотко көрсөттүк. Бирок, карашпады. Кызыгы, 1-инстанцияда ушул балдардын көрсөтмөсү менен байкемди камашып, жогорку инстанцияда болсо булардын көрсөтмөсүн кароодон: “Түрмөдө отуруп чыгышкан, “каралар” менен аралашып калышкан,”- деген жүйөө менен баш тартышты.

 

“Кумтөр” - коррупциянын жеткен чеги

 

- Коррупциянын баары “Кумтөрдөн” башталган. Анын тагдыры мамлекет үчүн оң жагына чечилсе, учурда өлкөнүн башка аймактарында да бир топ ызы-чууларды пайда кылып жаткан алтын кендериндеги маселе да чечилмек. Садыр Жапаров бул маселени 2012-жылы көтөрүп чыкканда эле, “Кумтөрдү” толугу менен мамлекетке алып коюшканда, Кыргызстандын сырткы карызы азыркыдай чекке жетмек эмес. 4,5 миллиард доллар карызыбыз турат. Бир жердешимдин  жерибиз башка жакка өтүп кеткиче, карапайым эл эле акча чогултуп тышкы карызыбыздан кутулалы деген билдирүүсүн  уктум. Мен буга макул эмесмин. Кыргызстан жакыр өлкө болгону менен чириген байлары толтура. Болгондо да, мурда-кийин мамлекеттик кызматтарда иштеп, министрлик креслону кучактап отургандар. Мисалы, Шадиевдин эле канча байлыгы калкып чыкты.  Чындай келгенде, бир министрдин эле байлыгы тышкы карызды жаап кое алат. Калган министрлердин байлыгынын эсебинен ар бир районго бирден завод куруп коюуга болот. Акыйкаттык мына ушундай жол менен орношу керек.

 

Шарабидин Токтосунов, Садыр Жапаровдун адвокаты:

 

- Сот акыйкат болмоюнча Кыргызстан алдыга жылбайт. Каптагаев соттук отурумда кошумча үч мүнөт убакыт сурап, Жапаровго эч кандай доосу жоктугун айтып берди. Ал барымтада отурган кезде өкмөттүн Токтогулова деген маалымат катчысы ар кандай калп маалыматтарды таратууга үлгүрүптүр. Каптагаевдин барымтага алынуусуна Садыр Жапаровдун катыштыгы бардыгы ошондой калп маалыматтардын бири. “Кийинчерээк Абдылдаев, Бусурманкуловдор менен жолугушуп, эмнеге калп маалымат тараттыңар десем, “териштиребиз” деп кутулушкан”, - деп айтты Каптагаев. Анын: “Мен Садырдын үстүнөн арыз жазбагам, күнөөлүү дебегем, азыр да ошондой ойдомун. Садырдын барымтага тиешеси жок”,- дегенине карабай, сот биз күткөндөй чечим кабыл алган жок. Биз акыйкаттыкты орнотууга кандай аракет кылдык, далилдерди топтодук, жалааларды ачыктадык. Ошончо аракетибизди сот “өкүм күчүндө калсын” деген үч ооз сөз менен жокко чыгарып койду.

 

ххх

 

Садыр Жапаровдун адвокатынын, тарапташтарынын айтымында, чындыкка жетүү үчүн болгон күрөш муну менен эле токтоп калбайт. Алар эми Башкы прокуратурага Жапаровго байланышкан ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо өтүнүчүн келтиришет. Бирок, Текебаевдин да ишин кайра кароодон баш тарткан башкы көзөмөл органынын чечимин эске салсак, бул өтүнүч деле канааттандырылышына ишенич жок.

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. Kg гезити”