×

Внимание

Не удалось вызвать функцию mail.

 

Өлкөдөгү бардык айдоочулар кайрадан экзамен тапшырышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өткөн “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттүк саат учурунда эл өкүлдөрү билдиришти.

 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы 10 жылда жол кырсыгынан 10 миңден ашуун адам каза тапкандыгын айтып, кырсыктардын 57%ы Ош менен Бишкекте катталаарын белгиледи. Депутаттардын айтымында, жол кырсыктардын 86%ы айдоочулардын айыбы менен жүз берет.“Айдоочулар жол эрежелерин билишпейт, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн адамдарды коё беришпейт. Ошондуктан, мен аларды кайрадан экзаменден өткөрүш керек дегенге кошулам”,- деди депутат Айнуру Алтыбаева. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев айдоочуларды кайрадан экзаменден өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирди. Ал үчүн учурда укуктук-ченемдик базага тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракеттер жүрүп жатат.“Негизи айдоочулукка окуп жатканда эле эрежелерди так үйрөнүп, кырсыктын алдын алыш керек”,- деген пикирин айтты Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Ал эми айдоочулар депутаттардын бул пикирине караманча каршы чыгышууда. Алардын айтымында, экзамен учурунда баягы эле паракорчулукка орун берилээри анык. Талдоочулар дагы экзамен алуу менен эле кырсыктар азайбай тургандыгын айтышат. Андыктан айланып келип эле бул демилге ортодогу шылуундардын акча жасаган капчыгына айланбаса экен.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (360), 20-июнь, 2018-ж.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить