Каазкстандык блогер Мурат Тунгишбаевдин апасы жана кайдыгер эмес жарандар Акүй алдына митингге чыгышты. Алар кыргыз бийлигинен блогерди Казакстанга өткөрүп бербөөнү суранышууда.
Колуна баласынын жана неберелеринин сүрөтүн көтөргөн эне: "Казакстанга өткөрүлүп берилсе, баламдын түрмөдөн тирүү чыгаары күмөң. Ал жактан кыйноого алышат. Балдары кичинекей, мен да карып калдым. Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков, баламды өткөрүп бербеңиздер", - деп суранды.
Ал эми "Либерти" коомдук фондунун президенти Галым Агелеуовдын айтымында, Мурат Тунгишбаевдин иши боюнча сот процессине Улуттук коопсуздук кызматы кийлигишет. Мындан улам сот ачык-айкын болбойт.
"Тергөөчү Кыргызстандын миграция кызматы Тунгишбаевге келип, саясий башпаанек суроо арызын жаздырып алуусуна уруксат бербей койду. Биз жогору жактын таасирисиз адилет чечим чыгаруусун каалайбыз", - дейт.
Казакстандык блогерди УКМК 10-майда Бишкектен кармашкан. Ал өз өлкөсүндө тыюу салынган "Казакстан демократиялык шайлоо" кыймылына катышкандыгына шектелип издөөгө түшкөн. Учурда ал Бишкектеги №1 абакта кармалууда.