КР ИИМ министри Кашкар Жунушалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен Москва шаарындагы жол кырсыгынан жабыркагандарга жолугуп, акыбалы менен таанышты. 

 

"Болуп өткөн окуяга абдан өкүнүп жатабыз. Эртерээк сакайып кетиңиздер. Каалаган убакта Кыргызстандагы Ысык-Көл жээгине реабилитациядан өтүүгө барсаңыздар болот. Кыргызстан сиздерге жагып, көп досторду табышыңыздарга ишенебиз", - деди министр. 

 

Эске салсак, Москвада такси кызматынын айдоочусу жол жээгинде турган жети адамды сүзүп кеткен. Айдоочу 28 жаштагы кыргызстандык спортчу Анарбек уулу Чыңгыз экени белгилүү болгон.