Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын башчысы кол алдындагы кызматкеринен токмок жегени айтылган. Жетекчисине кол көтөргөн милиция кызматкерине КР Кылмыш-жаза кодексининин 105-беренеси (“Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү”) боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголгонун аталган облустук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-июнда ооруканага милициянын полковниги кайрылып, анын денесинен ар кандай жаракаттар табылган. Ал иш бөлмөсүндө кол алдындагы кызматкерден токмок жегенин билдирген.
Азырынча жетекчи менен кызматкер эмнени бөлүшө албай мушташканы белгилүү боло элек. Кол көтөргөн кызматкер милициянын капитаны болуп чыкты.
Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, ал полковниктин денесине анча оор эмес залал келтирилгенин аныктаган.
Кылмыш ишин тергөө милдети ИИМдин Тергөө кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлдү.