Россиянын Санкт-Петурбург шаарында иштебей турган муздаткычтын ичинен бир жарым айлык бала табылган. Иликтей келгенде, баланын апасы Кыргызстандын 15 жаштагы жараны болуп чыккан. 

 

Балдардын укуктарын коргоо боюнча аппараттын өкүлү Светлана Агапитованын маалыматына караганда, учурда баланын акыбалы турукташты. Жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылат. 

 

Муздаткычтагы баланы аталган шаардын Задворной көчөсүнүн №2 үйдүн тургундары тапкан. Эне баласын үйүнөн төрөгөн. Дарыгерлер баланын сууктан травма алганын аныкташкан. 

 

Ал эми төрөгөн кыздын апасы Россиянын жараны. Учурда ал небересин убактылуу багууга алууга тийиштүү документтерди топтоодо. Бирок, аларда жашаган жери ылайыксыз болгондуктан, адистер ымыркайды Балдар үйүнө үч айга өткөрүп берүүнү туура деп табышкан. Бул убакыт аралыгында үй-бүлө батир маселесин чечип алышат деп үмүттөнүшөт. Андан кийин гана атайын комиссия баланы кимге берүү маселесин карайт.