15-июнда катуу жааган жаандан улам  Баткен облусундагы бир канча айылдарды сел каптап, жергиликтүү элге  материалдык зыяндарды алып келген. Анын ичинде Самаркандек, Төрт-Гүл, Карабак айылдарында сел  үйлөргө чейин   кирип, жараксыз абалга алып келген.

 

Мындан улам жергиликтүү элдин кайрылуусунун негизинде,  "Элим, барсыңбы?"  кайрымдуулук коомдук фонду 1000 кг жылуу кийимдерди 21-июнда жөнөтөт. 

 

 

Фонддун билдиргенине караганда, жүк жөнөтүүдө ага ылайыктуу автоунаанын жоктугунан кыйынчылык жаралууда. Ошондуктан, фонд жүк ташуучу унаасы бар, эл тагдырына кайдыгер эмес жарандардан кийимдерди  Бишкектен Баткенге чейин жеткирип берүүгө автоунаа жагынан жардам берүүсүн суранат.

 

Селден жабыр тарткандарга биринчи жардам катары азык-түлүк, кийим-кече жагынан жардамдашалы деген жарандар  төмөнкү номерлерге байланышса болот:  0772 55 20 15 же 0772 00 20 15,  автоунаа боюнча 0778 82 10 14