Жалал-Абад облусунун губернатору Кыянбек Сатыбалдиев Иштамберди кени боюнча жабык жыйын өткөрдү.
Эске салсак, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун ортосунда жайгашкан аталган алтын кенин иштетүүгө каршылыгын билдирген 300гө жакын жашоочулар митингге чыгышкан болчу. Жергиликтүү эл алтын кенинин мыйзамсыз иштеп жатканын айтышкан. Ошондой эле алар экологияны бузганы үчүн компания элге компенсация төлөп беришин, калдыктарды башка жакка чыгарып кетүүнү жана уулуу заттарды колдонбоону талап кылышкан.
Бул боюнча жыйын өткөрөрүн белгилеген губернатор алдын ала ызы-чуу үчүн тийиштүү жетекчилерге катаал чара көрүлөөрүн белгилеген.
Губернатордун катаал чарасы менен Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров жана Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевге сөгүш берилди. Ал эми
Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча Башкармалыгынын өкүлү Абасбек Мизамбековдун кызматтык ишмердүүлүгү каралмай болду.