Жогорку Кеңештин    камактагы депутаты Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугу канааттандырарлык экенин УКМКдан билдиришти. 

 

Буга дейре, маалымат каражаттарында Артыкбаевдин акыбалы начарлар абак жетекчилиги ага Тез жардам чакырууга аргасыз болушканы жазылган. 

 

УКМК бул маалыматты четке какты. Учурда анын ден соолугу канааттандырарлык экенин белгилеген коопсуздук комитети эгер зарыл болсо, аны  квалификациялуу медициналык жардам менен камсыздашаарын белгиледи. 

 

Эске салсак, Артыкбаевге карата кылмыш иши 5-июнда козголуп, УКМКнын абагына камакка алынган.