УКМКнын абагында жаткан Айбек Калиевди кыйноолорго каршы Улуттук борбордун кызматкерлери барып көрүп келишти. Аталган борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун маалыматына караганда, Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы акыбалы начарлар жатканын айткан жок. 

 

"Бир жума мурда бөйрөгү ооруптур, анализ тапшырып, жыйынтыгы жакшы эле чыгыптыр. Ал абактын тренажердук залында дене көнүгүүлөрүн жасап жатканын айтты", - деп билдирди Сулайманов. 

 

Эске салсак, Айбек Калиев Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча айыпталып, 19-апрелде камакка алынган.