2018-жылдын 18-июнь күнү саат 16:40-17:00 чамаларында, алдын ала маалымат боюнча жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айылында сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, 10-15 үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн  Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет.