Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 14-июндан 15-июнга караган түнү 11-класстын окуучусу үйүнөн классташ курбусуна барып, мамлекеттик сынакка даярдануу үчүн кеткен. Ошол бойдон кайрылып келген эмес. Кийинки күнү кыздын атасы милицияга арыз менен кайрылган.
Аймактык ИИБдин маалыматына караганда, ыкчам-иликтөө иш чаралардын жыйынтыгында, кыз табылган. Ал түнү азиат түспөлүндөгү белгисиз эркек күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Милиция кызматкерлери кылмышкерди изи сууй электе колго түшүрүшкөн. Ал ошол эле райондун Сары-Талаа айылынын 25 жаштагы тургуну болуп чыккан. Ал кызды машинесинде зордуктаганын моюнуна алган.