Премьер-министр Мухеммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-июнда   Баткен облусундагы табигый кырсыктан жабыркаган  айылдарга бараарын өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Абылгазиев  жабыр тарткандардын абалы менен таанышып, аны менен катар  талаа иштеринин жүрүшү, көпүрө жана башка бир катар социалдык объектилердин курулушу, чакан ГЭСтин жана айыл чарба продукцияларын кайра иштеп чыгарчу кичи заводдун ишин көрөт.

 

Эске салсак, бир нече күнгө созулган нөшөрдөн улам Баткенде сел жүрүп, суу 259 үйдү каптаган. Мындан улам айрым үйлөрдүн короолоруна суу толсо, кээ биринин дубалдарына зыян келген.