Бул тууралуу Баткен облустук ИИБи маалымат тараткан. Анда айтылгандай, окуя 14-июнда, кечинде болгон. Кадамжай районундагы Кара-Шоро айылынын 10 жаштагы тургуну мылтык менен 9 жаштагы теңтушун байкоосуздан атып таштаган.
Ок баланын оң жак бетине тийген. Ата-энеси дароо Кадамжай райондук ооруканасына жеткиришип, дарыгерлер операция жасашып, 5,6 мм калибрдеги окту алып чыгышкан.
Ок аткан бала мылтыкты капысынан таап алышы мүмкүн деп божомолдонууда. «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү мылтык 43 жаштагы тургун М.Ж.га тийиштүү, бирок куралга карата тийиштүү документтери жок.
Кадамжай ички иштер бөлүмү аталган факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.