Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коррупциялык иштери ачыкка чыгып, анын санаалаштары да колунун туткактыгы үчүн камакка алынууда. Элдин АША жана анын командасына кыжыры кайнап турганда, коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу мактаждыгы келип чыкты. Атамбаев жана анын командасы бул үчүн элди түндүк-түштүккө бөлүү деген ыплас жолду тандады. 


Ишенимдүү булактар кабарлагандай, учурда элди бөлүп-жаруу, же “оштуктар сарт, аркалыктарды жоготуш керек” деген ураандар АШАнын “Форумунан” иштелип чыгып, аны социалдык тармактарга таратууга 20 блогер жана журналисттер даярдалыптыр. Муну Улуттук банкта иштемиш болуп жүргөн Нурай Марс деген кыз колго алган. Ал буга чейин да АШАнын саясий каршылаштарын каралоо үчүн жашыруун иштеген. Өзүнүн командасы бар. 


Учурда Венера Апенова, Аман Асанович, Адис Жумагулов сыяктуу фейк-аккаунттар менен “Фейсбукта” элди бөлүп-жарууну күчөттү. Буларды Атамбаев жана анын командасы каржылоодо. Максаты күзгө же кийинки жазга чейин түндүктө жашаган элди оштуктарга каршы тукуруу, түштүктүктөрдү жек көрүү сезимин күчөтүү. Ошону менен президент Сооронбай Жээнбековду каралап, ага каршы элди көтөрүү. Бул аракетти Чүйдүн айылдарында Атамбаевдин ишенимдүү адамдары да баштады. Карапайым элге “баардык кызматтарды оштуктар ээлеп алды” деп элдин сезими менен ойноодо. Албетте, карапайым калк ишенип калышы мүмкүн. Андыктан эл бузарларга тез арада тиешелүү органдар чара көрүп, жаш туруп бузукулук менен алектенген Нурай Марска окшогондорду жоопко тартуу керек.

 

 

Булак: ФБ, “Учур” баракчасы

"Майдан. kg" гезити