Өткөн жумада КСДПнын “каймактары” аталган С.Исаков менен К.Кулматовдун камакка алынганына байланыштуу, көптөн бери үн катпаган мурдакы ажо Алмазбек Атамбаев атайын билдирүү жасады.

 

А.Атамбаев кечээки жан-жөкөрлөрү С.Исаков менен К.Кулматовду коррупция менен күрөштө айырмаланганын белгилеп, алардын камакка алынышын “акыл-эске сыйбайт”- деп айтты. “Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим, бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскөй кардиналы аты белгилүү “Раим-миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу”- деп эсептейт ал.

Алмазбек Шаршенович ЖЭБди Кытай кредитинин эсебинен модернизациялоо, анын ичинде подрядчикти кытай тараптын тандоосуна макулдук берүү, ошондой эле гранттык каражаттарды “Калыс Ордо” конушундагы мектептин курулушуна  багыттоо жөнүндөгү  чечимдерди жеке өзү кабыл алганын билдирди. “Коррупция менен күрөшүү деген кыйкырыктардын астында иш жүзүндө, өз пикири, өз позициясы барларга аңчылык башталды”- деп айткан экс-президент.

 

Буга байланыштуу коомдук ишмер, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев өз оюн ортого салды: “Атамбаевдин эң бош, начар жери – анын аппараты болду. Себеби, аппарат жетекчиси да, андагы кызматкерлер да жоопкерчиликти өздөрүнө алганды кой, болбогон, майда-чүйдө маселелер боюнча да Атамбаевди сүйлөтүп, элге жек көрүндү кылып, анын артына жашырынып жүрүп алышты. Ошондо да “эл сизди сүйөт” деп башын айлантып, айткан-дегенин калк жылуу кабыл алып атканын айтып, адаштырышты. Акыры бул жомокко өзу дагы ишенип алды. Аны кызыгуу менен угушчу, жада калса кечиргендер да бар. Бирок, кайсы жери чындык, каери калп экенин эл дагы айырмалап билип, кээде ачыктан ачык жалганчылыгын шылдындап, күлүп турушту. Аны бир гана нерсе сактап турду – президенттик жылдарында бир да жолу эл менен көзмө-көз жолуккан жок. Атайын чогултулган аудиториянын алдында гана чыгып жатты. Мына, эми ошолор, аппарат аталбай калса да, кайрадан Атамбаевди өлкөгө эбегейсиз зыяндарды алып келген чечимдердин үстүндө АЛ өзү турганы жөнүндө билдирүү жасоого мажбурлашып, дагы бир ирет шерменде кылышты. Балким, анын башын айландырышып, “сиздин кол тийбестигиниз бар да, эч ким тийише албайт, а бирок балдар кыйналып калышты, сактап калалы”,- деген кеңеш беришкендир. Анткен менен, Атамбаевдин өзгөчө оор кылмышты моюнга алышы камактагы балдарын сактап кала албайт, тескерисинче, күнөөлөрүн тереңдетет: уюшуп алып кылмышка барышканы ачыкталып калбадыбы, а бул оор берене. Учурунда Каржы, Тышкы иштер жана Экономика министрлиги аталган кредиттик макулдашуулар өтө зыяндуу экенин айтышса да, Атамбаев аларды укпай койгон. Шектүү иштерди Атамбаев жеке өзү жетекчиликке алган, демек, компетенциясына кирбесе да башка бийлик бутактарынын ишине кийлигишип, баш мыйзамды бузууга барган”.

 

Айтылуу “Райым-миллион” Райымбек Матраимов төмөнкүдөй реакция жасады: “Акыркы убактагы Атамбаевдин мага карата айткан жалган жалааларына таңгалуунун деле кереги жок болуп калды. Жазында го түшүнүктүү болуп аткан, эми жай келсе деле тынчыбай, түшүнөн чочуса деле менин атымды оозанып, улам бир калпты айтканы көнүмүшкө айланды. ТЭЦ, мектеп курулуштарындагы коррупциялары боюнча Исаков менен Кулматов камалышса, менин кандай тиешем бар?”.

 

Эмилбек Саламатовичтин пикиринде, Атамбаев “Цугцванг” позициясында калды (Цугцванг - шашкидеги, шахматтагы  оюнчунун кандай жүрүш кылса да утула турган абалы): “Ал эмне деп сүйлөсө да ал нерсе өзүнө каршы болот. Сүйлөсө - жаман болот, үндөбөй койсо - андан да жаман болот. Тынч отурса - жаман болот, кыймылдаса - андан да жаман болот. Кыскасы, Атамбаев утулду”.

 

Ал эми ЖКнын экс-депутаты Равшан Жээнбеков Атамбаевдин билдирүүсүн айткандарын эки жүздүүлүк катары баалады: “Атамбаевге каршы оппозиция бийликке келсе, анан мурдагы бийликтин өкүлдөрүн жөндөн-жөн эле камай баштаса, анда аны саясий куугунтук же саясий өч алуу десек болот эле. Бирок социал-демократтар партиясындагы адамдар андан кантип өч алат? Бул жерде эч кандай саясий куугунтук же кандайдыр бир өч алуу жок. Эгерде ал киши атаган адам бажы тармагында коррупция жасап жаткан болсо, алты-жети жыл бою жогорку бийликте отурган Атамбаев эмнеге аны байкаган эмес? Ал жети жылда "коррупцияны жайладым" деп эле кыйкырып жатпады беле? Атамбаев президент болуп турганда эмне үчүн ошол бажыдагы, салыктагы коррупцияны, Бишкек ЖЭБинин долбоорун ишке ашыруудагы коррупциянын бетин ачкан жок? Эгерде ошол кезде анын өзүнүн командасынын арасынан коррупцияга шектүү катары камалса, анда анын бүгүн айткан сөзүнө ишенет элек. Ошондуктан анын азыр айтып жатканы бери эле дегенде эки жүздүүлүк”.

 

“Атамбаев билип билбей чоң нерсеге жол ачып алды. Ал бул билдирүүсү менен оор кылмыштарды моюнга алды. Эми Атамбаевди да ЖЭБди модернизациялоо, Азиз Батукаевдин чыгарылышы жана башка коррупциялык иштери боюнча укук коргоо органдары күнөөсүн далилдей алса, кылмыш ишин козгой берсе болот”,- дейт Равшан Бабырбекович.

 

Учурда социалдык тармактарда президент Сооронбай Жээнбековду дагы бир чечкиндүүлүккө барып, күнөөсүн моюнга алган Атамбаевди камакка алып, жегенин кустуруу чакырыктары байма-бай айтыла баштады. Бирок, өлкө башчысы мамлекеттин келечегин өйдө коебу же “досуна” боору ооруп, калкалап, качып кеткенге шарт түзүп береби? Бир гана нерсе дайын – АШАга карата темирдин кызуусунда чара көрбөсө, кийин ал Соке үчүн өтө чоң көйгөй болот....

 

 

"Майдан. kg" гезити