Кыргыз Республикасынын үч жараны аларды Кувейтке жөнөткөн компания убадасынан айнып, талаптарынын бирин дагы аткарбастан, түйшүккө кептешкендигин айтып КР Тышкы иштер министрлигине даттанышкан.

           

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын 21 жана 23 жаштагы үч жараны аларды Кувейтке аттандырган компания таптакыр убадасына турбай койгондугун айтып ыйлакташкан. Алар чет мамлекетке Борбор Азияга жумушка орноштуруу агенттиги аркылуу кетишкен экен.

 

- Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги мекендештерибиздин укугун коргоо боюнча үзгүлтүксүз иш-аракеттерди жүргүзүп келди. Буга чейин Кувейттеги Кыргыз элчилиги мекендештерибиздин иштен чыкканы үчүн төлөнүүчү 475 динар (1200 доллар) айып пулду жокко чыгарууну Кувейттеги жумуш берүүчү компания менен макулдашкан. Эми болсо бул үч жаранды ата-журтубузга алып келдик,- деди Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

 

Белгилей кетчү жагдай: быйыл 9-апрелде Борбор Азияга жумушка орноштуруу агенттиги Бишкектен тогуз кыргызстандыкты (4 эркек, 5 кыз) Кувейттин борбору Эль-Кувейт шаарына ресторандарда тейлөө кызматына жумушка жөнөтөт. Аларга бассейн, машыгуу залы менен бардык шарты бар турак жайда жашап, 430 доллар маяна төлөөнү катуу убадалашат. Мындан ташкары чай пул дагы арбын түшөөрүн айтып алдашкан. Тилекке каршы, иш жүзүндө баары тетири болуп чыккан.

 

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити