"Курулуш" акционердик ишканасынын ээлери 2015-жылдан бери аны өздөрүнө кайтара албай келишет. 

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди. 

 

Айтымында, аталган ишкананын 50 пайыз акциясы Кадыржан Батыровго тийиштүү болгон. Ошондуктан 2015-жылдын август айында өздөрүн мамлекеттик мүлк Фондунун кызматкерлерибиз деп тааныштырган жигиттер барышып, ишкананын бардык жумушчуларын чыгарып салышкан. Ал убактан бери ишкана иштебей турат. Калган 50 пайыз акциянын ээлери болгон акционерлер ишсиз калышты. 

 

"Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фонду болсо ишкананын акциясын сатып жатат", - деп белгиледи Ормонов.