Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов "Достук" көзөмөл өткөрүү пунктундагы элдин кезек күткөнүн азайтуу максатында дагы кошумча кабина ачуу зарылдыгын белгиледи. 

 

"Папорттук көзөмөлдүн кошумча кабинасын ачуу элдин үймөлөктөшкөн кезегин азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Биз эчак эле кошумча кабина ачууну сунуштаганбыз, бирок аткарылбады. "Достук" чегара өткөрүү пунктунда баштагыдай эле кезек күткөндөрдүн катары арбын. Бийлик  муну эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелери жанданганы менен түшүндүрүүдө. Бул абдан жакшы нерсе. Бирок, кезек күтүүнү да азайтуу керек. Өзбекстан тарапта анчалык кезек күтүү жок экен. Ошондуктан, Жалал-Абадга да кошумча өткөрүү пунктун ачуу керек", - деди Каримов. 

 

Ал эми депутат Айнура Осмонова соода-сатык менен шугулдангандар үчүн өзүнчө пункт ачуу жетиштүү деп эсептейт. 

 

Айтымында, "Достук" көзөмөл өткөрүү пункту 2 километр узундукта, ошол жерде жарандар 6 саат бою кезек күтүшөт. Арасында карылар да, жаш балалуулар да бар. Чегарачылар алардан 2 миң сомдон алышат.