Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы түзүм ичиндеги коррупция менен күрөшүүнүн негизинде ички иштер органдарынын арасында кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, коррупциялык көрүнүштөр менен алектенгендерди аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат. Учурда коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.


2018-жылдын 4-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына Ош шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, милиция кызматкерлери арыздануучуга кандайдыр-бир козголгон кылмыш ишин оң жакка чечип беребиз деп, опузалоо менен пара талап кылып жаткандыгы тууралуу билдирген.


Жогорудагы факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде 2018-жылдын 18-май күнү Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу) жана 313-берененин 2-бөлүмүнө (пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.


2018-жылдын 22-майында козголгон кылмыш ишинин негизинде ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жана тергөө кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлери коррупциялык көрүнүштөрдү аныктап, ага бөгөт кою менен шектүүнү накталай акча каражатын алып жаткан жеринен кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.


Болжол менен саат 19:00 чамасында Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринен 20 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Ош ШИИБдин маалыматтык-аналитикалык борборунун тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Д.А. аттуу кармалган. Шектүү жогоруда көрсөтүлгөн акчаны ортомчу аркылуу алган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.