Өлкө аймагында талаачылык жумуштары күчөп турган чак. Табигый кырсыктардан улам, айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген көптөгөн жерлерди сел жууп кетти. Ушундай кыйчалыш учурда Өкмөттүн жер-жерлердеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен акимдер өз кабинеттеринен чыкпай чай ичип отурушат. Өкмөт башы тийиштүү чараларды көрүп, аларды кыймылдатышы керек, болбосо анын арты жаман бүтөт.

 

Мындай пикирин  депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

«Бизде дагы бир беш жылдан кийин кадрдык тартыштык болушу мүмкүн. Ал үчүн жогорку окуу жайларын бүтүргөн жаштарды жумушка орноштуруп, азыртан болочок кадрларды даярдоо зарыл. Өкмөт мамлекеттик органдарды оптималдаштырабыз деп, тажрыйбалуу адистердин баарын кыскартып салды. Тааныш-билиши аркылуу ордунда калган чабал адистер кыйратып деле иштеп бере албайт. Мына, Казакстан «Келечек» программасынын алкагында жаш кадрлардын резервин даярдап алды. Биз болсо баштагы өнөкөттөн арылбай отурабыз», - дейт эл өкүлү.