КР ЖКнын экс-депутаты, ири ишкер, меценат, “Улут жүзү” коомдук фондунун төрагасы Рустам Мамановдун чындыгында эмне себептен камакка алынганы дагы деле табышмак бойдон калууда. Бирок, айрым буга чейин белгилүү болгон жагдайлардан улам, эл ичинде бирин-серин чындыкка жакын версиялар пайда болууда.

 

Мисалы, айрым маалымат каражаттары камакка алынган Рустам Маманов менен Р.Воиновго тартынбастан жугунду куюп, Кыргызстанга келген кытайлык адал инвесторлорду алдап кеткен шылуун катары көрсөтүүдө. Мындай деңгээли пас маалыматтык чабуулду ата-мекендик ишкерлерибиздин үстүнөн арыз жазгандар уюштуруп жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Ушунун өзүнөн эле өздөрүн “таза кандуу инвестор” эсептеген кытайлык псевдо-ишкерлер эбактан бери ишке ашырып келе жаткан аферасын логикалык жактан аягына чыгарууну көздөп жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Муну көз боёмочулуктун жаңы түрү катары кабыл алсак болот. Схемасы жөп-жөнөкөй: алар ири инвестиция салуу убадасы менен келип, өнөктөш катары келишим түзүшөт да, колуна кагаздар тийгенден кийин кыргыз ишкерлерин “муунтуп” киришет. Б.а. сот-прокуратура органдарына кайрылып, айгай салып, кыргыз өнөктөштөрүнүн мүлктөрүн толук тартып алууга аракет жасашат. Азыр үч факты бар: “Б.Л.С.” курулуш компаниясы, “Баткен Майнинг компани”, “Синхуа” рестораны. Бул үч афералык иштин тең башында кытайлык аферисттер - Гао Жин Вей менен Чен Мао Чун турат. Кыргызстанда коррупция кеңири жайылгандыгын жакшы билишкендиктен, алар улуттук коопсуздук, сот, прокуратура органдарынан тез эле “колдоочуларды” таап алышат. Айрым маалымат каражаттары бул ишти тенирден тескери көрсөтүп, камактагы меценаттарды жакында кызматтан алынган сот тармагынын “серый кардиналы” Манас Арабаев менен биригип алып, бечара кытайлардын мүлкүн, жерин тартып алгандай жазышууда. Бирок, Ак үй коридорлорунда жүргөн айрым сөздөргө караганда, чындыгында М.А. ошол кытайлык эл аралык аферисттердин таламын талашып, сотторго буйрук берип жүрүптүр.

 

Айтор, эл-жерин сүйгөн, улуттук деңгээлде бир катар мыкты идеологиялык багыттагы иш-чараларды уюштуруп, кыргыздын кечээкиси менен келечегине кам көрүп келген мыкты патриот уулдарыбыздын эл аралык аферисттерге “жем” болгону көрүнүп турат.

 

Рустам Маманов өсүп келе жаткан жаштарга, турмуштук абалы татаал үй-бүлөлөргө, акын-жазуучуларга, өнөр адамдарына ар дайым колдоо көрсөтүп келе жаткан мыкты коомдук ишмер. Кыргызстанда байлыгы доллар менен миллиондон ашкан байлар көп. Бирок, булардын бири да кайрымдуулук иштеринин масштабы боюнча (алардай бай болбосо да) Р.Мамановго тең келе албайт. Улуттук духубузду көтөргөн демилгелерин белгилеп кетсек болот, мисалы, улутубуздун санжырасын жаздырып жатканы, улуттук бий боюнча миллиондук сынак жарыялап, “кара жоргону” алып келгенин, дизайнерлердин ортосунда конкурс уюштуруп, бирдиктүү мектеп формасынын киргизилишине себепкер болгонун сыймыктануу менен айтсак жарашат. Мына ушул чоң демилгелер менен чыгып жүргөн элдик адам Рустам Мамановдун тескери ишке аралашканына анан кантип ишенесиң? Адилеттүүлүк болсо, акталып чыгарын билебиз...

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити