“Азыр Атамбаевдин командасынын баары коррупцияга шектүү болуп калды. Буга негиздер бар. Анткени коррупция менен күрөш толук жүргүзүлгөн жок. Бул күрөш эки канат менен кетиши керек эле. Бири коррупциянын кесепеттери, экинчиси аны алдын алуу. Алты жылда аракеттер болду, Атамбаевдин кадрлары коррупциянын бутагы, жалбырагы менен күрөштү, ал эми анын тамырын кесе чабууну унутта калтырды. Ошондон улам, акырында негизги коррупцияга шектүү катары Атамбаев өзү, анын командасы көрүнүп жатат. Эгер коррупция менен күрөш толук жүргүзүлбөсө азыр коррупция менен күрөшкөндөр алты жылдан кийин Атамбаевдин командасынын кейпин кийип калышы мүмкүн”,- деди Бакетаев.
Кубанычбек Кулматовдун өзүнө козголгон кылмыш ишин саясатка байлашына негизги себеп – “мыйзамдардагы чабалдык” дейт серепчи.
“Бизде мыйзамдарда “саясий куугунтук” деген аныктама жок. Ошондуктан көп адамдар өзүнө козголгон иштерди “саясий куугунтук” деп аташат. Менимче мыйзамга анын себептерин тактап жазыш керек”,- деп кошумчалады Бакетаев.
Бакетаев Атамбаевдин учурундагы алты жылда коррупция менен күрөштө кадрлардын чабалдыгынан туура эмес чечимдер кабыл алынып калганын айтты. Ал буга экс-мэр Нариман Түлеевге козголгон кылмыш ишин мисал кылды.
“Нариман Түлеев жакында акталат. Мен Түлеевге кылмыш иши козголгондо, анын мүлктөрүнө байланыштуу маселе жаралганда маалымат жыйын куруп айткам. “Бул туура эмес болду” дегем. Бирок эч ким көңүл бурган эмес. Азыр анын туура эмес болгонун мезгил көрсөттү. Ошондуктан мындай иштерде таланттуу, дасыккан кадрлар иш алып барышы керек”, - деди Бакетаев.
Дамирбек Асилбеков
Булак: “Лента.312”
Булак: “Майдан.kg” гезити