"Ата Мекен" партиясынын лидери, учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевдин ишинде жаңы жагдайлар пайда болгонунан аны кайра кароо өтүнүчүн саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага жолдошту.
Бул тууралуу адвокаттарынын бири Таалайгүл Токтакунова соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Арызда Текебаевге карата ачылган кылмыш иши боюнча жаңы ачылган беш жагдай белгиленген. Эми, адвокаттын айтымында, Башкы прокуратура арызды он күндүн ичинде кароого тийиш.