Экс-депутат Аида Салянованын иши Жогорку сотто каралды. Саляновага акыркы сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү берилди.
"Мага карата куугунтук үч жарым жылдан бери улантылып келатат. Бир гана бул эмес, башка жагдайлар да бар. Кыргызстан мыйзам боюнча жашабай калды. Мурдагы президент Атамбаевдин пикирине кайчы пикирдүү адамдарга коркунуч жаралган. Бул сапар да адилеттүүлүк утабы, же Атамбаевби соттун чечими аныктайт", - деди Салянова.
Эске салсак, Салянова адилет министри болуп турганда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечими чыккан. Бирок, кичүү кызы 14 жашка чыккандан кийин жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон.