Жарандык активисттер Атамбаевге кылмыш иши козголушу керек деп эсептешет. Алар мындай пикирин бүгүн маалымат жыйынында билдиришти.
Активисттердин айтымында, Кыргызстандын тышкы карызы акыркы жылдары эки эсеге өскөн. Буга Атамбаевдин түздөн түз тиешеси бар. Ошондой эле жакында жарыкка чыккан чуулгандуу китеп, орус публицистине таандык "Кыргызстандын үстүндөгү Атамбаевдин карааны" аттуу китепте өлкөдөгү коррупциялык иштер айкын чагылдырылганын айтышып, бул боюнча тийиштүү чара көрүү зарылдыгын белгилешти.
Андан сырткары активисттер президент Жээнбеков да кош көңүл карабай, өлкөнүн келечеги үчүн өткөн иштердин жазасын акыйкат бердиртүүсү керек деп белгилешти.