2018-жылдын 21-май күнү саат 22:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Восток-2 кичи районунда жайгашкан 1 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн короосуна жана ошондой эле Кулатов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу 2 турак үйлөрдүн жер төлөөсүнө, Дружба көчөсүндө 2 турак үйдүн короосуна суу кирген.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Кырсыктын кесепетин жоюуга КР ӨКМнин Кызыл-Кыя шаардык №4 Өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, №62 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу тартылып, 4 турак үйдүн короолорун жана беш кабаттуу 2 турак үйлөрдүн жер төлөөсүн тазалашкан.
Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жана селдин кесепетин жоюу жумуштары жүргүзүлүүдө.