Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын март айында маршруткадан жабырлануучунун чөнтөгүнөн “LG” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткен жаранга карата тиешелүү чара көрүүлөрүн суранган.
Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” менен кылмыш иши козголгон. Биринчи май РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иштери жүрүп, 1995-жылы туулган Г.М. аттуу жаранды кармашкан.
Ошондой эле, кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыш иши козголгон 8 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Кармалган жаранга карата сот тарабынан чектөө коюлуп, Бишкек шаарында жайгашкан №1 тергөө абагына 2 айга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.