Ош шаарында 3 сутканын ичинде 3 адам өз өмүрүнө кол салып, алардын экөөсүн сактап калуу мүмкүн болбогон. Бул тууралуу аймактык ИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-класстын окуучусу үйүндө асынып алган. Өлүм алдындагы коштошуу кат жазган эмес. Бирок, сумкасынын ичинен "Апа, ата, мен сиздерди жакшы көрөм" деген жазуусу бар баракча табылган.
Ошондой эле 32 жаштагы аял да жоолугуна муунуп каза тапкан. Милиция кызматкерлери келген кезде денеси муздап калган эле.
Дагы 29 жаштагы эркек дары ичип, өлгөнгө аракеттенген. Бирок, аз өлчөмдө ичкендиктен, сактап калууга жасалган аракет жыйынтыгын берди.