Майлуу-Суу шаарында 2018-жылдын 19-май күнү саат 23:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Сары-Бээ айылындагы 3 турак үйдүн короолорун жана “Гаухар” бала бакчасынын айлынасына сел суулары кирген.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Кырсыктын кесепетин жоюуга Майлуу-Суу шаарындагы өрт-куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу, Майлуу-Суу шаардык лампа заводунан 10 жумушчу, 2 КамАЗ, 1 экскаватор, КР генералдык штабынын №30295 аскер бөлүгүнөн 30 жоокер, шаардык электр ишканасынан 5 кызматкер,  жылуулук камсыздоо мекемесинен 10 кызматкер, 1 экскаватор, суу чарба ишканасынан 10 кызматкер, 1 экскаватор, Газ ишканасынан 10 кызматкер, жашылдандыруу мекемесинен 10 кызматкер, 1 жүктөгүч, райондук ИИБнан 10 кызматкер, Архитектура инженердик кызматтынан 3 кызматкер тартылып, 20-май күнү 950м3 сел калдыктары тазаланган.

 

21-май күнү тазалоо иш-чаралары улантылат.