Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу ал өзү билдирип, мындай тыюу салуу менен анын жарандык укугу да чектелип жатканын айтып, нааразыланган. 

 

Ошондой эле ал бийликтин талаптарына көнбөгөнү үчүн Бажы кызматынын башчылыгынан кетүүгө аргасыз болгонун да билдирген. 

 

Башкы прокуратура Кубанычбек Кулматовго 303 (коррупция) - беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде бүгүн ага расмий айып тагылды.