19-майда Жогорку Кеңештин  төрагасы Дастанбек Жумабеков Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованы Энелер күнү менен куттуктап, гүл жана Төраганын энчилүү саатын белек кылды.  

 

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду ар дайым эскерип турарын белгилеп, анын аты жазган чыгармалары аркылуу түбөлүк сактала берерин кошумчалады.

 

“Биз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу өстүк. Ар бир чыгармасын окуган сайын Чыңгыз ата өтө маңыздуу чагылдырган жаркын дүйнөгө жетеленип, түрдүү ойго кептелесин. Ушул жылы эл жазуучусунун 90 жылдыгын белгилейбиз. Буга байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарында ири иш-чаралар башталды. Айтматов менен тааныш болгонума сыймыктанам. Аны Кыргызстандыктар сыяктуу эле дүйнө эли да урматтап, эскерет. Азербайжанда жүргөнүмдө, ал жактагы боордош элдин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалы менен жакындан тааныш экенин жана дайыма эстеп турушарын байкадым”, – деп билдирди Төрага Дастанбек Жумабеков.

 

Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү да Төраганы жылуу кабыл алып, улуу жазуучу жашаган үйдө 2014-жылы ачылган үй-музейге чакырышты.

 

Дастанбек Жумабековду музей менен Мария Айтматова жана уулу Эльдар тааныштырды.  

 

“Үй-музей атамды эске салып турат. Жеке бөлмөсүндө анын кол жазмалары жана басуучу машинкасы сакталган. Бирок атам аны менен иштөөнү жактырчу эмес, баарын апам басчу. Ал эми музейдин бир бөлмөсүндө жазуучунун сүрөттөрү коюлган. Алардын арасында расмий иш-чараларда, кабыл алууларда жана үй-бүлөлүк сүрөттөрү бар”, – деди Эльдар Айтматов.  

 

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова үй-музей жакында өткөн “Музейлер түнү” акциясына катышканын кошумчалады.

 

“Биз музейге келгендердин санынын көптүгүнө таң калдык. Кечээ бизге 500дөй мейман келди. Аларга Россиянын жаш артисттери “Саманчынын жолу” чыгармасы боюнча спектакль тартуулашты.  

 

Белгилей кетсек, жазуучунун өзүнүн айылы Шекерге жакынкы аралыкта “Чыңгыз-Ордо” маданий комплексин куруу мерчемделүүдө.