Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 15-май күнү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын Некрасов-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинен Токтогул районунун 1994-жылы туулган С уулу Д. аттуу тургуну кармалган.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 


Маалыматка караганда, кармалган жаранга өздүк кароо жүргүзгөн учурда сумкасынан кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар, төрт бурчтуу 18 даана баштыкча болгон зат табылып алынган.


Экспертизанын корутундусу менен алынган зат 235 грамм салмактагы “гашиш” баңгизаты болуп чыккан.


Учурда шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле, баңги каражат алынган булактары жана аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.