Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго УКМКнын Башкы  тергөө башкармалыгы тарабынан Башкы прокуратуранын козгогон кылмыш ишинин негизинде айып тагылды. Ал 303 (коррупция) - беренеси боюнча шектелүүдө. 

 

Маалым болгондой, Кулматов 2014-жылы Бишкектин мэри болуп турганда, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорунун алкагында TBEA кытай компаниясына арналган каражаттан  миллион долларды өкмөттүн карамагынан Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүп, аймактардагы эки мектептин курулушун соңуна чыгаруу үчүн, тактап айтканда Калыс-Ордо конушундагы мектепти куруп бүткөрүү зарылчылдыгын билдирип, чыгарып кеткен. 

 

"Альто Групп" компаниясынын жетекчилиги  менен көмүскө кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, эч кандай сынаксыз эле алар менен келишим түзүп, TBEA компаниясынын эсебинен аталган жеке компаниянын түз эсебине 1 миллион доллар которткон. 

 

Ошол эле убакта аталган конуштагы мектеп үчүн шаардык бюджеттен да 100 миллион сом бөлүнгөн. 

 

 

Учурда, УКМКнын билдиргенине караганда, жеке компаниянын жетекчилеринин бири убактылуу кармоочу жайга киргизилди.