Учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова анын мүлкүн сатыкка чыгаруу боюнча сотту токтотууну талап кылууда. Бул тууралуу ал өзү маалымдаган.
Адвокаттар Токтакунова жана Канатбек Азиз Башкы прокуратуранын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча доо арызы боюнча ачылган ишти кайра каратуу үчүн тийиштүү документтерди тапшырышкан.
Ал эми Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоочу тараптын өкүлүнүн айтымында, адвокаттын мүлкүн сатыкка чыгаруу 22-майда болушу керек. Атамбаев Текебаевдин юристтерине карата материалдык чыгымын өндүрүү талабынан баш тарткан эмес.
Эске салсак, саясатчынын адвокаттары маалымат жыйынында билдирген билдирүүлөрү үчүн айыптуу болушкан. Сот Башкы прокуратуранын доо арызын туура деп таап, аталган юристтерден 10 миллион сом өндүрүү чечимин чыгарган. Мындан улам Таалайгүл Токтакунованын айлык маянасы менен мүлкүн камакка алышкан. Ошондой эле эки адвокат тең учурда Кыргызстандын аймагынан сыртка чыга алышпайт.