Ош шаарында автоунаа жолун жол чыраксыз, же атайын белгиси жок жерлерден өз билгениндей кесип өткөн жөө жүргүнчүлөргө 500 сом айып салынды. Бир күндө 23 жаран 500 сомдон төлөшкөн. 

 

Бул тууралуу аталган шаардагы Жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, "Жөө жүргүнчү" деп аталган рейддин ишке киргинени 15 күндөй болду. 

 

Рейддин жүрүшүндө  көчөдөн туура эмес жерден өткөн адамдарга түшүндүрүү иштери жасалган. Жашы жете электерге эскертүү берилип, ал эми 18 жашка толгондорго протокол түзүлүп, анын негизинде  айыппул  төлөтүлгөн. Жол эрежесин бузгандарга Административдик кодекстин 247-беренесинин 1-бөлүгү (“Жөө адамдар жана транспорт каражаттарынын жүргүнчүлөрү тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу") боюнча 500 сом айып жазылган.