Эски бийликтин жасоолдорунун ушунчалык көпкөндүгүн мындан билиңиз, өздөрүнө карата ачуу чындыкты айткан кыргыздын мыкты жигиттерин камап, куугунтуктап “кумарга батпай”, майыптарды да кордой баштаган эле. Алардын бири көзү азиз активист Темирлан Ормуков болчу. Ага каршы милицияга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев арыз жазган. “Бөрк ал десе, баш алган” Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйөө менен мындан бир ай мурда алгач Темир жол бекетинин ооруканасына жаткырылып, кийин бир айга №1-тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.  Болгондо да бул майып жигит бийликтин адилетсиз мамилесине каршылык иретинде курсагын лезвия менен тилип жибергендигине карабай камакка алынган. Сыягы, жаңы бийлик көзү азиз жигиттен эч кандай коркунуч болбой тургандыгына көзү жетти окшойт, эркиндикке чыгарды. Ал кайрадан саясый кер какшык ырын коомчулукка мындай деп билдирди: "Камактан урматтуу Алмаз Атамбаев, Сапар Исаков, Улан Исраилов, Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева сиздерди үч маал бекер тамагы менен жакшы охранасы бар мекемеде чыдамсыздык менен күтөбүз. Сиздер үчүн биздин мекемеден орун дайыма табылмакчы. Сиздер үчүн жакында Темирлан Ормуков ордун бошотуп, өзүнүн үч маал баландасын Сиздерге калтырып, аманат кылып бизге табыштап кетти. Көп күттүрбөй келип орун алыңыздар. Терең урматтоо менен №1 СИЗОнун админстрациясы!

Турмушун көрүп зэктердин,

Баланда ботко жеп келдим.

Тең жесе сүйөт Теңирим,

Алмазик сен да жеп келгин!”.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити