"Чалдыбар-автоунаажолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунун чегарачылары 17-майда Кыргызстандын 1999-жылы туулган М.А. аттуу жаранын кармашты. Ал ишеним кат менен эрезеге жете элек кызды башка бирөөнүн документи аркылуу чегарадан алып өтүүгө аракеттенген.
Бул тууралуу КР Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатканда 2004-жылы туулган М.К. башка адамга таандык туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Чегарачылар кыздан сурамжылашканда анын айтып бергендери күбөлүктөгү жаш курагы, ата-энеси аты-жөнүнө дал келбей турганы маалым болгон.
Кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.