17-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышты.

 

Бир катар эл өкүлдөрү резонанс жараткан ЖЭБди модернизациялоого каралган каражат жана анын натыйжасыз пайдаланылышы боюнча укук коргоо органдары тыкыр иликтөөгө алышы керектигин, муну менен кийинки мамлекеттик аткаминерлерге сабак болоорун баса белгилешти. Ошону менен катар иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссияга ыраазычылыктар айтылды.

 

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды. Анда депутаттык комиссиянын корутундусундагы маалыматтарга КР Эсеп палатасы аудит жүргүзүү, корутундудагы маалыматтарды укук коргоо органдарына иликтөөгө берүү, долбоорду ишке ашырууда уурдалган каражаттарды ордуна келтирүү жана башка маселелер камтылган.