Ички иштер жаатында жыл башынан бери 82 милиция кызматкери жумуштан айдалган. Бул тууралуу ИИМдин министринин орун басары Курсан Асанов маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, 82 кызматкер терс мүнөздөмө үчүн кызматтан алынган. Ошондой эле ушул жыл ичинде милиция кызматкерлерине карата 27 кылмыш иши ачылган.
"100 кызматкер ээлеген кызматкерлеринен бошотулушту. Дисциплинардык жоопкерчиликке 954 милиция кызматкери тартылды. Тергөө кызматтарына 399 материал жөнөтүлүп, 376сы прокуратурага багытталды. Милиционерлерге карата 856 арыз келип түшкөн", - деди Асанов.