Оюнан чыгарып арыз жазып, милиция кызматкерлерине жок акчасын издеткен жаран жоопко тартылды.

 

2015-жылдын июль айынын башында Баткен облусунун Кадамжай районунун 1985-жылы туулган Ш. М. аттуу тургуну "Кадамжай районунун Торговый базарында токтоп турган «Honda Jazz» үлгүсүндөгү автоунаамдын арткы орундугунан белгисиз атуулдар жалпы 57000 (элүү жети миң) АКШ долларын, 870 000 (сегиз жүз жетимиш миң) сомун жана “NOKIA” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдатып жибердим"-деп милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 


Аталган факт боюнча Кадамжай РИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган.


Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам иш аракеттери жүргүзүлүп, алынган ыкчам маалыматтарга талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында, Ш. М. аттуу арыздануучу тергөө амалдарынын жүрүшүндө жалган көрсөтмө бергендиги такталып, жогоруда көрсөтүлгөн факт катталбагандыгы аныкталып, бул жалган көрсөтмөсү боюнча арыз ээси күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Кадамжай РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан М.Шнын өзүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) негизинде кылмыш иши козголуп, Кадамжай райондук соту тарабынан М.Ш. шарттуу түрдө 1 жылга эркиндигинен ажыратылды.