Кечээ, 17-майда болгон Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ЖЭБинин тегерегиндеги иштерге байланыштуу Сапар Исаков менен Айбек Калиевдин ("Улуттук энерго холдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси ) аракеттерине укуктук баа берүү чечимин депутаттардын дээрлик бардыгы колдошту.
Сапар Исаков укук коргоо кызматтарынан акыйкат териштирүү жүргүзүүнү суранды. Ал бул иш саясий өңүткө айланып, саясий куугунтуктун куралы болуп калбашы керектигин баса белгиледи.
"Укук коргоо кызматтарына териштирүүлөр акыйкат жүрсүн деп кайрылам. Эл баарын карап турат. Чечимдердин баары документтерге таянып кабыл алынсын. Саясий куугунтук болбошу керек, бул абдан маанилүү. Саясий куугунтук бийликтин абройуна шек келтирет", - деди Исаков.